www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда салык мыйзамдарына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, айрым категориядагы салык төлөөчүлөргө жеңилдиктер берилет.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.
Жеңилдиктер төмөнкү категорияларга тиешелүү:
Мал экспорттоочуларга — 2026-жылдын 1-январына чейин пайда болгон салык карызынын 97%ы, ошондой эле туумдар менен салыктык санкциялардын 100%ы эсептен чыгарылат. Шарт — калган 3% карызды төлөө.
Баткенде турак жай курган ишкерлерге — тиешелүү документтер болгон учурда салык карызы, туумдар жана санкциялар толугу менен эсептен чыгарылат.
Көмүр тармагындагы ишканаларга — 2026-жылдын 1-январына чейин эсептелген туумдар жана санкциялар жоюлат. Негизги карызды 2026-жылдын 31-декабрына чейин төлөө талап кылынат.
2026-жылдагы кыймылсыз мүлк салыгы боюнча — негизги салык толук төлөнгөн учурда туумдар жана санкциялар эсептен чыгарылат.
Ошол эле учурда карыздар автоматтык түрдө жоюлбайт. Салык төлөөчүлөр мыйзамда белгиленген шарттарды аткарууга тийиш.
Толук маалыматты Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтынан алууга болот.