www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Фридрих Мерц Украинадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого убакыт келгенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.

Мерц Парижде өткөн Украинаны колдогон өлкөлөр коалициясынын жыйынынан кийин билдирүү жасап, ок атышууну токтотуу боюнча келишим түзүү зарылдыгын белгиледи.

«Сүйлөшүүлөрдү баштоого убакыт келди. Ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууга жетишүү керек. Европа өлкөлөрү Европа биримдиги жана АКШнын колдоосу менен диалогго даяр», — деди Германиянын канцлери.

Ошол эле учурда Мерц Европа мамлекеттери Москвага карата басымды уланта берерин кошумчалады.

Буга чейин Россиянын Тышкы иштер министрлиги Германиянын элчисине Берлин Киев бийлигинин Россиядагы жарандык объектилерге жасалган чабуулдарына катышып жатат деген дооматтарын билдирген.

Ал эми Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Москва Европа биримдигинин Украинадагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча ниеттерине байланыштуу «эч кандай иллюзияга» барбай турганын айткан. Анын айтымында, Украинанын президенти Владимир Зеленский ишке ашырууга мүмкүн болбогон талаптарды коюуда.

Последние новости