www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда милиция кызматкери көлгө чөгүп бара жаткан өспүрүмдү куткарып калды. Окуя 2026-жылдын 13-июль күнү саат 20:00 чамасында Чолпон-Ата шаарындагы пляждардын биринде болгон.

Маалыматка ылайык, жаран жашы жете элек уулу менен көлгө түшүп жаткан учурда аба ырайы кескин өзгөрүп, катуу шамалдан улам көтөрүлгөн толкун өспүрүмдү тереңдикке тартып кеткен.

Кырдаалды байкаган баланын апасы дароо жакын жердеги милициянын таяныч пунктуна кайрылып, жардам сураган.

Билдирүүнү алгандан кийин Ысык-Көл ОИИБдин Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери, милициянын сержанты Бауржан Абакиров дароо көлгө кирип, ыкчам аракетинин натыйжасында сууга чөгүп бара жаткан өспүрүмдү аман-эсен жээкке алып чыккан.

Өспүрүмгө ошол жерден биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, анын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган эмес.

Баланын апасы уулунун өмүрүн сактап калган милиция кызматкерине терең ыраазычылык билдирип, анын кесипкөйлүгүн жана чечкиндүү аракетин жогору баалады.

Последние новости