www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Футболчу Гүлжигит Алыкулов Европа кубогунда ойнойт

Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук командасынын оюнчусу, учурда Казакстандын "Кайрат" клубунун намысын коргоп жаткан Гүлжигит Алыкулов Европа кубокторуна ойногон үчүнчү кыргызстандык болот. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунун маалымат кызматы өзүнүн Instagram баракчасына жазды. 

белгилей кетсек, улуттук команданын футболчулары Азамат Байматов менен Клод Мака Кум (түбү камерундук) Европа кубоктору мелдештеринин баштапкы (квалификация) этаптарында ойногон.

"Байматов 2009-жылы Латвиянын "Вентспилс" клубунун курамында, ал эми Мака Кум 2010-жылы Молдованын "Дачия" клубунун курамында Европа мелдештеринде ойногон", — деп айтылат маалыматта.

Чүчү кулактын жыйынтыгына ылайык, "Кайрат" 27-августта Европа лигасы мелдешинин тандоо турунун алгачкы айлампасында Армениянын "Ноа" клубуменен кездешет.

Аталган мелдештин негизги стадиясына чыгуу үчүн Гүлжигиттин казакстандык клубу үч тандоо туру жана плей-офф баскычынан ийгиликтүү өтүүсү керек.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Полузащитник алматинского «Кайрата» @f.c.kairat и сборной Кыргызстана Гулжигит Алыкулов @alykulov10 станет третьим кыргызстанцем, который сыграет в еврокубках. Ранее два футболиста сборной Кыргызстана - Азамат Байматов и Клод Мака Кум (уроженец Камеруна. – Прим.) - участвовали в предварительных этапах. Байматов участвовал в 2009 году в составе латвийского «Вентспилса», а Мака Кум в 2010, выступая за молдавский футбольный клуб «Дачия». В случае успешной квалификации Алыкулов станет первым кыргызстанцем, вышедшим на групповой этап европейского футбольного клубного турнира. Но для достижения этой цели клубу необходимо пройти несколько стадий – три отборочных раунда и плей-офф. По итогам жеребьевки первого отборочного раунда Лиги Европы «Кайрат» встретится с армянским клубом «Ноа». #KFU

Публикация от Kyrgyz Football Union / FFKR (@kfu_kg)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости