www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Телеалпаруучу Назира Айтбекова алдыда боло турган шайлоого аттанып жаткандардан үмүт жок экенин айтып чыккан эле. Ал эми Айтбекованын бул сөзүнө журналист Гүлжамал Жороева жооп берген:

“Жылаңач этиңди жаппасаң да, тилиңди бир аз тарт Назира сулуу! “СТАРИКИ” – деп шылдыңдап жазган постту окуп, сага деген урматым сууду алтын кыз! Алар баскан жолдун жарымын, алар таткан туздун жетиден бир бөлүгүн тата элексиң али. Тилиң узун, ширин болгон менен акылың кыска, көөдөнүң көңдөй кыз экенсиң. Кыргыздын нарк – нускалуу кыздары улууларга уу тилин чачмак түгүл, алдынан кыя өткөн эмес.

"Стариктердин" тырмагына тең келбей туруп, алардын тырмак алдынан кир издебе. Башкаларды айтпасак да Адахан Мадумаров, Исках Масалиев, Өмүрбек Субаналиевдер кыргыз тарыхында жазылып, эл оозунда айтыла журчу инсандар. Өлкөң үчүн тиш чукугучтун учунчалык кызмат кыла элексиң сен . Facebook баракчаңа жарым жылаңач сүрөтүңдү жүктөгөндөн башка не иш кылдың, айтчы? Өзүңдү тим эле кыргызымдын КЫЗСАЙКАЛЫ сезип алгансыңго”, – деп айтат ал өз билдирүүсүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости