www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинада согуш башталгандан бери 361 күн болду. Россия бомбалоосун улантып жатат, Украина коргонуу позициясында. Бириккн Улуттар Уюмунун маалыматы боюнча 16 миллион адам үй-жайын таштап, качкын болуп жүрүшөт.

"Кытай мамлекети эки өлкөнүн ортосундагы кырдаалды жөнгө салат эле деген пикирлер Мюнхен конференциясында айтылып, бирок мындай миссияны аткарууга Кытай тараптын каалоосу болбой тургандыгын" Мюнхен конференциясынын Коопсуздук кызматынын мурунку башчысы Вольфганг Ишингер айтып өттү.

Украина президенти Владимир Зеленскийдин "дагы кошумча аскер техникаларын алуу мүмкүн болушунча кечиктирилбестен чечилиши керектигин" айтып тынчсызданды. Европа комиссиясынын Коопсуздук боюнча төрайымы Урсула фон дер Лайен "Украинага берилчү жардамдарды ар ким өз-өзүнчө бербестен чогулуп берүү максатка ылайык болоорун" билдирди.

НАТОнун Башкы катчысы Йенс Столтенберг "Украина сураган кассеталык жана фофордук бомбаларды берүүдөн баш тарткандыктарын жана берилбегендигин" айтты.

REUTERS агенттиги Эстониядан алынган маалыматка таянып "Украина күнүнө 2 миңден 7 миңге чейин снаряд атып жатса Россия күнүнө 20 миңден 60 миңге чейин снаряд атып жаткандыгын" билдирди.

Нур БАЙГАЗАК, NazarNews.kg

Последние новости