www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мюнхенде Пашинян менен Алиев жолугушту

Армениянын премьер-министри Николь Пашинян өз ара макулдашууларга кол коюуга даяр экендигин билдирсе, Азербайжандын президенти Илхом Алиев тоолуу Карабах боюнча жаңы сунуштарды иликтеп жатканы белгилүү болду. Мюнхен конференциясында убакыт табышкан эки өлкөнүн лидерлери АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин катышуусунда жолугушуп, сүйлөшүүлөр болду. "Прагада жетишилген делимитация маселелери жана эки өлкөнүн ортосундагы транспорт каттамдарын жөнгө салуу боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жетишилсе кол коюуга даяр экендигин" Пашинян айтты. Алиев "бул сунуштарды иликтеп жатышкандыктарын, мүмкүн болушунча тезирээк жыйынтыкка келишерин" белгиледи. Азербайжан тараптан буга чейин сунуш кылынган "эки өлкөнүн чек ара аймактарында Көзөмөлдөө текшерүү пункттарын тезирээк чечүүнү жана бул сунуш Европа мамлекеттери тарабынан да АКШ тараптан да жактырылганын" билдирди. Энтони Блинкен "бул тарыхый күнү 30 жылдан бери чатакташып келе жаткан эки тарап маселени оң жагына чечип алат" деген ишенимин айтты. Көптөгөн адамдардын өмүрүн алган 

Азербайжан-Армян чатагы 30 жылдан бери басылбай, куралдуу кагылыштарга чейин жетип келет. Акыркы чатак өткөн жылы октябрь айында катталган. Учурда Азербайжан Карабах менен Арменияны туташтарган Лачинский өткөөлүн көзөмөлдөп турушат. Натыйжада 120 миң калк жашаган аймак электр жарыгысыз, медикамент, азык-түлүк тартыш ахыбалда жашап жатат. 

Нур БАЙГАЗАК

Булак: NazarNews.kg

 

 

Последние новости