www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Австриянын тышкы иштер министри Александр Шалленберг, Кахраманмарашта болгон жер титирөөлөрдөн кийин Түркия менен толук тилектештикте экендиктерин айтты. Бул тууралуу трт.нет жазды.

Мюнхен коопсуздук конференциясында жасаган билдирүүсүндө Шалленберг Австриянын 6-февралдагы жер титирөөлөрдөн кийин дароо Түркияга издөө-куткаруу топторун жибергенин жана жер титирөөдөн жабыркагандарга гуманитардык жардам бергенин айтты.

Александр Шалленберг: «Жүрөгүбүз жапа чеккен жана жакындарын жоготкон бардык үй-бүлөлөр менен бирге. Бул кырсык жана бир гана нерсе керек, ал болсо толук тилектештик. Түрк эли биздин тилектештигибизге ишене алат», - деди.

Европа Биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин дүйшөмбү күнү Бельгиянын борбор шаары Брюсселде боло турган жыйналышында Түркияга дагы көп колдоо көрсөтүү темасын сүйлөшө турганын белгилеген Шалленберг: «Бул (жер титирөөнүн) Түркия үчүн, сириялыктар үчүн, Түркиядагылар үчүн чыныгы кырсык экенин баарыбыз билебиз деп ишенем. Коңшлар катары тилектештигибизди көрсөтүү жана жардамга муктаж адамдарга жардам берүү европалыктар катары биздин милдетибиз», - деп айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости