www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили Михаил Саакашвили Грузияга революция жасаш үчүн келгенин айтты. бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Мюнхен конференциясында Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили экс-президент Михаил Саакашвили Грузияга революция жасаш үчүн келгенин жарыялады.
--"Бул революция массалык кыргын менен коштолмок" деди Гарибашвили. "Бирок анын мындай аракети ийгиликсиз болуп калып, азыр камакта отурат" деген Ираклий "биз аны медициналык клиникага которуп, 8 айдан бери дарыланып жатат" деп кошумчалады. Башка камактагыларга караганда мыкты комфорт түзүп бергендигин билдирген премьер-министр "ал мыкты актёр", деп атады.
"Михаил Саакашвилинин үй-бүлөсүнүн айтып жаткандары жалган, биз аларга каалаган өлкөлөрдөн каалаган дарыгерлерин чакырып келүүсүнө бут тоскон жокпуз, эгерде грузин дарыгерлери жаман дешсе" деген оюн да кошумчалады Ираклий. "Саакашвили оор кылмыш жасады, эч ким мыйзамдан бийик турбайт. Одессадан Грузияга сүзүп келчүдө революция жасаш үчүн контейнерде эки күн жашады. Чек арадан мыйзамсыз өттү" деп жыйынтыктады Гарибашвили сөзүн.
Михаил Саакашвилиге Тбилиси сыртынан "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "ири чыгашаларды келтирүү" сыяктуу кылмыш иштерин 2010-жылы козгошкон. Саакашвили 2011-жылы мындай кылмыш иштерине карабастан Мекенине кайтууну чечкен эле.
Нур БАЙГАЗАК, NazarNews.kg