www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда Исхак Раззаковдой зоболосу көтөрүлгөн, кадыр-баркка ээ тарыхый инсандар саналуу. Университетке аты берилген, бирок, убагында окуу жайларга кимдердин гана аты коюлган жок. Атамбаевдин учурунда баласы чоң кызматта турган экен, катардагы советтик-партиялык кызматкерлердин бири Батыралы Сыдыковдун аты да университетке коюлду. Бийликте турганда каалаганын жасап, жеке кызыкчылыгын көздөөнүн кашкайган үлгүсү ушул эмеспи, болбосо, Батыралы Сыдыков ким да, Исхак Раззаков ким? Бака жеп көлгө кирген, жылан жеп ийинге кирген коррупционерлердин заманында элдин көчүгүн оюп жеген ары жок бийлерге окшогон эт баш Шералылар такта отурса, балтыр бит башка чыгат турбайбы. Ошентсе да чындык, адилеттүүлүк баары бир жеңет экен, кеч болсо да Исхак Раззаковдун ысымы Исфана шаарына берилди.
Исхак Раззаковдун ата-теги тууралуу сөз кылсак «кедей-дыйкандын» үй-бүлөсүндө туулган. Жетим жүрүп жетилип, Москвадан окуп, тоталитаризм күчөп турган мезгилде Өзбекстанда жетекчи катары калыптанып, бийликтин эң бийик тепкичтерине чейин көтөрүлүп, агартуу министри, андан кийин Өзбекстан компартиясынын борбордук комитетинин катчылыгына чейин жетип, анан Кыргызстанга келип, адегенде өкмөт башчысы, андан кийин өлкө башчысы болуп дайындалган. Согуштан кийинки өлкөнү калыбына келтирүү, андан кийин өнүгүү жолуна түшүү мезгили сыяктуу тагдыр чечүүчү этаптык учурлар Исхак Раззаковдун мамлекетти башкаруу мезгилине туш келген. И.Раззаков өлкөнү башкарган он беш жыл мамлекеттин тарыхы, бийликтин эки тизгин, бир чылбырын бекем кармап турган Кыргызстан коммунисттик партиясынын тарыхы менен бирдикте экенги чындык. Өлкөнүн ошол он беш жылдык тарыхын Исхак Раззаков “жазган”. Ал мезгилде оор учур болгон. Ошондой кыйын жагдайда өлкөнүн айыл чарбасын, өнөр жайын, экономикасын, маданиятын, илим, билим берүү тармагын көтөрүүгө жетекчи катары Исхак Раззаков бардык күч-аракетин жумшап, күндүр-түндүр жаны тынбай иштеген. Өлкөнүн келечеги болгон жаш адистерге кам көргөнүн ишенимдүү фактылар бар.
Искак Раззаков өлкөнүн тагдырын, масштабдуу маселелерин эле эмес, ар бир инсан, ар бир кадрды ойлоп, кам көргөн. 90-жылдары илимдер академиясында жаш окумуштуулар менен жолугушууда академик Азиз Салиев “Согуштан кийинки кыйын учур, аскердик шинел үстүмдөн түшө элек кез, Москвада аспирантурада окуп жүргөм, бир күнү эле Исхак Раззакович өзү издеп келиптир. Таанышып, ал-жай сурашкандан кийин “бизде сиздей кадрлар жетишпей жатат, илимиңизди эрте бүтүп, кайтып келиңиз” деди. Анын ошол сөзү дем берип, канат байлагандай эле болдум” деп айтканы мунун далили.
Улуу инсандын өлкөнүн келечеги үчүн чоң мааниге ээ болгон кадр маселесине өкмөттүк деңгээлде кам көргөнүн, жаш кадрларга өз балдарына карагандай эле аталык камкордугун конкреттүү мисалдар менен далилдеп, кеңири талдап ачып берген. ХХ кылымдын элүүнчү жылдары Кыргызстан экономикалык жактан ирденип, маданият, билим берүү, илим тармагында жаңы доордун башталышы болгон. Бул 1945-жылдын октябрь айынан баштап, өкмөт башчысы кызматына киришип, андан кийин өлкө башчысы катары Исхак Раззаковдун саргара жорткон кызылдай мээнетинин үзүрү катары карасак болот. Албетте, чарба, өндүрүштө иш бир кылка кетпейт, кемчиликтер болот.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg