www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вашингтон Газада болуп жаткандарды геноцид деп эсептебейт жана Эл аралык кылмыш сотунун прокурорунун Израиль жетекчилигине карата айыптоолорун четке кагат. Бул тууралуу АКШ президенти Жо Байден Гаага сотунун демилгесине пикирин билдирип жатып айтканын РИА Новости жазды.

Эскерте кетсек, Эл аралык кылмыш сотунун прокурору Карим Хан ХАМАСтын лидери Яхья Синвар жана Изарилдин премьер-минситри Беньямин Нетаньяхуну аскердик кылмыштарга айыптап камакка алууга ордер берүүнү талап кылган. Мындан тышкары, Эл аралык кылмыш соту Израилдин коргоо министри Галланттын, "Аль-Кассам бригадаларынын" командири Мохаммед Ад-Дейфти жана ХАМАСтын саясий бюросунун башчысы Ханияны камакка алууну көздөөдө.

Байденден кийин АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен да үн катып, "Израиль менен ХАМАСты бир катарга коюу" уятсыздык экенин айткан. Мамлекеттик департамент Газа жана Украинадагы жаңжалдар ​​боюнча Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясына байланыштуу "фундаменталдык айырманы" түшүндүрдү. Вашингтон Россия гана жоопко тартылышы мүмкүн деп мунун Израилге тиешеси жок деген позицияда. Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясы аны жаңжалга катышкан тараптардын жок дегенде бирөө тааныганда жайылтылат. Израиль менен Палестина аталган соттун юрисдикциясын тааныган эмес (Киев Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын тааныйт).

Ал эми Израилдин премьер-минситри Беньямин Нетаньяху Эл аралык кылмыш сотунун прокурорунун көксөөсүн "семиттерди жек көрүүнүн жаңы көрүнүшү" катары сыпаттады. Россия өз кезегинде Вашингтондун кош стандарттарына ирония менен жооп кайтарды. Мария Захарова АКШнын реакциясы өз желесине чырмалышкан жөргөмүшкө окшошорун белгилеген.

ХАМАС да Эл аралык кылмыш сотунун чечимине нааразы. Палестиналык кыймыл лидерлерин камакка алууну талап кылбай, Израилдин бүткүл жетекчилигин жана Газадагы операцияга катышкан израилдик аскерлерди камакка алууга ордер берүүнү талап кылууга чакырды.

Ал эми Франциянын ТИМи Париж эл аралык сотту колдой турганын билдирген.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости