www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЖК комитетинде Акыйкатчынын баяндамасы угулду

Бүгүн, 21-майдагы Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «2023-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасы каралды.

Аталган маселе боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Жамиля Жаманбаева маалымат берди.

Талкуу маалында депутат Мейкинбек Абдалиев Бишкектеги чет элдик студенттер менен болгон окуя тууралуу сөз кылып, бул багытта Акыйкатчы тиешелүү иштерди жүргүзүшү керектигин баса белгиледи. Муну менен катар эл өкүлү соттолгон аялдарды төрөт үйүнө конвоирлөө учурунда конвойдун курамына аял кызматкерлерди кошуу зарылдыгын кошумчалады.

Ал эми депутат Чыңгыз Ажибаев Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын 2023-жылдагы маалыматына көңүл буруп, укук коргоо органдарынын ишине байланыштуу кайрылуулар жана даттануулар 51%ды түзгөнүн белгиледи. Эл өкүлү пробацияны колдонууда өлкөдөн чыгууга чектөө киргизүү керек деген пикирин билдирип, А.Ногойбаеванын иши жөнүндө да суроолорду узатты.

Депутат Дастанбек Жумабеков «Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө» мыйзамдын макамы тууралуу маселени ортого салса, депутат Жанарбек Акаев балдардын жана аялдардын, эмгек мигранттарынын укуктарын коргоо багытында бир катар сунуштарын берип, расмий жолугушууларга балдардын катышуусуна чектөө киргизүүгө чакырды.

Комитет төрайымы Чолпон Султанбекова Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын баяндамасына көңүл буруп, анда кайрылуулардын жана даттануулардын басымдуу бөлүгү укук коргоо органдарынын иши боюнча түшүп жатканын, бул маселени прокуратура көзөмөлгө алышы керектигин айтты.

Жыйынтыгында «2023-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмендин) баяндамасы эске алынды.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости