www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ГАИге “попал” болгон чиновник премьерликке келеби?

Бул жума аткаруу бийлигинде бир топ өзгөрүүлөр болду. “А” дегенде эле вице-премьерлер кызматынан кетишип, бирөө ӨКМге министр болуп кетсе экинчиси Жеңиш Разаковдун тагдыры ара жолдо калды.

Кечээ, Жогорку Кеңеш Разаковдун ордуна Акрам Мадумаровду бекитип берди. Андан кийин Курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Бактыбек Абдиевдин кызматынан кете тургандыгы маалымдалды. Бүгүн болсо Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов ишинен алынгандыгы белгилүү болуп отурат.

Ал ортодо премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин дагы өкмөт башчылык кызматынан кете тургандыгы коомдо күбүр-шыбыр болууда. Айрым такталбаган маалыматтар боюнча анын ордуна убагында Ысык-Көл, учурдагы Ош облусунун “губернатору”, бир кездерде айдоочулук күбөлүгүн үйүнө унутуп калып, ГАИге “попал” болгон Узарбек Жылкыбаев тапталып жаткандыгын эшитип жатабыз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости