www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ГАИнин чоӊу Азамат Исраилов деген чиновник бар. Анын кылык-жоруктары боюнча маалымат каражаттары байма-бай жазып турушат. Бирок эмнегедир колдогон кожосу күчтүүбү, же кошоматты мыкты кылган адистиги ашынган, жеңден кончко куюлган «жукпастыгынан» уламбы, Эдил Байсалов айткандай «кылы кыйшайбай» келет.
Бирок, акыркы учурда Исраиловдун үстүнөн нааразы болгондор арбып, жетекчилик жаңы жыл менен кызматтан алууга белсенип жатыптыр. Сыягы, ИИМ жетекчисинин биринчи орун басары Бийбосуновдон ИИМдин Академиясында жетекчи болуп турган учурунда, туугандарын ГАИге орноштуруш үчүн «алакан ысыткан» кылыгы дагы себеп болгону айтылууда. Келме кезек дегендей акча дегенде дарегин унутуп койгон Азамат Исраиловдун да мезгили келген өӊдүү. Ар бир кызматкердин кызмат оордун которушунан баштап кызматка орношконуна чейин «ставкасы бар» бул эргул акыры жооп бериши керек го. Айтмакчы, Адылбек Бийбосунов министрдин биринчи орун басары болгондон кийин өткөн өчтү, кеткен кекти кайрыйын десе керек.
Баса, кызматтан кетери белгилүү болгондон уламбы, кайран Исраилов кол алдындагы жүздөгөн кызматкерлерди ротация шылтоосу менен ар кайсы жакка которуштуруп капчык кампайтып кетүүнүн амалын көрүп жаткан кези. Андан дагы ортодо президенттин жакындарынын атын сатып, башкача айтканда «Сабыр абам» дегенди оозунан түшүрбөй «Унаа» мамлекеттик ишканасына жетекчи болот элем деп чуркап жүргөнү кызык. Акчалуу жерден кыя өтпөй, кузгундай эле кызарган жерге көз арткан эр экен. Мынчалык шылуун кайдан жаралат?
Булак: NazarNews.kg