www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Моңголиянын экономикалык өнүктүрүү министри Хурэлбаатар Чимэд 11- декабрда маалымат таратып, анда көмүр уурулугуна байланышкан кылмыштын автору мурунку президент Баттулга Халтмаа экенин айтты.

«Баттулга Халтмаа 2017-2021-жылдары президент болуп турганда ал Таван-Толгой көмүрүнө ээлик кылган. Ал ким аны колдобосо, түрмөгө отургуза турганын айтып коркуткан. Депутат-ишкерлер ага белектери менен чуркап барып, ишенимдүү болуш үчүн ант беришкен. Женко (Баттулга «Женко» компаниясын 1992-жылы түзүп, ошондон бери бул аты аталып калган) көмүр уурулуктун автору гана. Монгол өлкөсүнүн трагедиясы», - деп жазыд министр

Баттулга Халтмаа 1963-жылы Улан-Батордо төрөлгөн. 2017-жылы Демократтар партиясынан Моңголиянын президенттигине талапкер болгон.

2017-жылы 7-июлдагы шайлоодо жеңүүчү болуп, 2021-жылга чейин Моңголияны жетектеди.

Моңголиянын жарандары 1,8 млрд долларлык көмүр чиновниктер тарабынан уурдалганы тууралуу маалыматтар тарагандан кийин көтөрүлгөн. Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, Моңголиядан Кытайга чыгарылган деп көрсөтүлгөн көмүрдүн көлөмү менен Кытайга расмий берилген көмүрдүн көлөмүндө чоң айырма бар.

Нааразычылыктарга байланыштуу Улан-Батордо өзгөчө кырдаалдар режими да жарыяланган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости