www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гаитинин премьер-министри кызматтан кетти

Гаитинин премьер-министри Ариэль Анри өлкөдөгү кылмыштуу топтордун зордук-зомбулугунан жана катуу нааразылык акцияларынан улам кызматтан кетти. Бул тууралуу “Рейтер” агенттиги билдирди.

Кечээ, 11-мартта Кариб коомчулугунун (CARICOM) 25 лидери Гаитидеги кырдаал боюнча Ямайкада кезексиз жыйын өткөрүштү. Жолугушуудан кийин 5-марттан бери коопсуздук максатында Пуэрто-Рикодо күтүп жаткан Анри CARICOMго кызматтан кеткенин жарыялады.

"Биз өткөөл президенттик кеңеш түзүлгөндөн жана убактылуу премьер-министр дайындалгандан кийин Ариэль Генринин отставкасын кабыл алдык", - деди CARICOM төрагасы жана Гайананын президенти Мохамед Ирфаан Али.

Маалымат үчүн айта кетсек, Гаитидеги коопсуздук жана гуманитардык кырдаал 2021-жылы президент Жовенел Моиздин өлтүрүлүшүнөн жана ошол жылдын августунда 2200дөн ашуун адамдын өмүрүн алган жер титирөөдөн кийин начарлаган. “Телесур” телеканалынын маалыматы боюнча, кылмыштуу топтор борбор калаанын 80 пайыздан ашуун аймагын көзөмөлдөп, республиканын башка аймактарында биригип жатышат.

Эске сала кетсек, гаитилик кылмыштуу топтордун биринин лидери, “Барбекю” деген каймана ат менен белгилүү Жимми Шериз өлкөнүн премьер-министри Ариэль Анри кызматтан кетпесе, жарандык согуш башталат деп коркуткан.

Анринин кызматтан кетишин талап кылган куралдуу бандалар коопсуздук күчтөрү менен кагылышып, 2 жана 3-мартта Порт-о-Пренс жана Круа-де-Буке райондоруна жакын жердеги эки түрмөгө куралдуу кол салууларды жасашты. Кагылышуу учурунда 4000дей туткун түрмөдөн качып, 12 адам каза болгон.

Абактан качкан кылмышкерлерди кармоо үчүн өкмөт 4-мартта 72 сааттык өзгөчө кырдаал жана коменданттык саат жарыялады.

Черизе бандасы премьер-министр Анринин елкеге ​​кайтып келишине жол бербее учун борбордун аэропортун бир нече жолу басып алууга аракеттенген. Гаитиде 4-мартта жарыяланган 72 сааттык өзгөчө кырдаал 7-мартта бир айга узартылды.

Последние новости