www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жалал-Абадда бала бакчанын жери мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Сузак айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы токтому менен "Шумкар" бала бакчасынын аймагындагы 0,10 гектар жер катардагы жаранга жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүлүп берилгендиги аныкталган.

Ошондой эле, жогорудагы айыл өкмөтүнүн токтомунун негизинде Жер ресурстары кызматынын Сузак бөлүмү тарабынан бул жер тилкеге мыйзамсыз түрдө мамлекеттик акт берилген.

Бул факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдарын жүргүзүү Сузак РИИБне тапшырылды, ал эми жеке менчикке укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу боюнча сотко доо арыз келтирилди.

Последние новости