www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

11-мартта Душанбеде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулло Арипов баштаган өкмөттүк делегациянын жолугушуусу болду.

Тажик президентинин басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин учурдагы абалы жана келечегине байланыштуу маселелер талкууланды.

Жолугушууда эки тараптуу сооданын өсүшү баса белгиленди, анын көлөмү өткөн жылы 504 миллион АКШ долларынан ашкан. Тараптар өнөр жай, айыл чарба жана энергетика, анын ичинде “жашыл экономиканы” өнүктүрүү тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө келишти.

Соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын кезектеги жыйынына катышуу үчүн Тажикстанга келген Абдулло Арипов Душанбеде 12-мартка чейин болот.

Өзбекстанда Шавкат Мирзиёевдин бийликке келиши менен коңшу эки өлкөнүн мамилеси кадыресе жакшырды. 2022-жылы Эмомали Рахмондун Өзбекстанга жасаган расмий сапарынын алкагында тараптар соода жүгүртүүнү жылына миллиард долларга чейин көтөрүүнү макулдашкан.

Последние новости