www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Көк үйдүн дубалынан агылып чыккан маалыматтарга таянсак, жакынкы күндөрү Галина Байтерек КТРКнын генералдык директорунун орун басарлыгына оодарылат экен...
Жаңы бийлик орногону Галина Байтерек президенттин пресс кызматын жетектеп, мамлекет башчысынын саясатын жүргүзүүдө, айрыкча ошол учурда талылуу деп турган чек ара маселеси боюнча ашыкча же одоно билдирүүлөрү менен коомчулуктун сынына улам кабылып турду.
Андан соң ал кызматтан да жогорулап, президенттин илим, билим,маданият,спорт жана жаштар саясаты бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалат. Бул кызматта да анын атына бир топ сындар айтылат. Айрыкча, Токио олимпиадасы тууралуу коомчулук Г.Байтерекке карата терс пикирлерди катуу эле жаадырып турушту.
Жакында Галина Байтерек жаңы кызматка(келген жагына) кетээри айтыла баштады. Атамбаевдин тушунда Эльвира Сариева деген “эрке кыз” бар болчу, кызматтан кызматтарга дайындала берген.
Анын сыңарындай Галина Байтерек да ошондой эле болмок болду окшойт...кайсы “кыйраткан” иштери менен “татыктуу” болуп атканын коомчулук да түшүнө албай турат...
Булак: NazarNews.kg