www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түндүк Кореянын мурдагы дипломаты, 2016-жылы Түштүк Кореяга качып кеткен Тхэ Ен Хо барган өлкөсүндө парламент депутаты болуп шайланды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Баарыбызга белгилүү болгондой, 15-апрель күнү Түштүк Кореяда коронавируска карабай парламенттик шайлоо өткөн. Анда президенттик Демократтар партиясы жеңишке жеткен.

Белгилей кетсек, Түндүк Кореянын мурдагы дипломаты оппозициялык "Бириккен келечек” партиясынан талапкерлигин койгон. Анын электораты борбор калаанын эң бай району Гангнамдын тургундары эле. Бул район дүйнө жүзүнө белгилүү рэпер PSY ырдап чыккан "Gangnam Style" хитинен кийин атагы чыккан. Шайлоодо ага Гангнамдын шайлоочуларынын 58 пайызы добуш беришкен.

"Түштүк Корея — менин мекеним. Мен Түндүк Кореядан качып келип, депутат боло алган алгачкы адаммын. Гангнамдын элине ыраазычылык. Мекеним үчүн болгон аракетимди кылам”, - деген Тхэ шайлоодон кийин.

Эске сала кетсек, Тхэ Ен Хо убагында Түндүк Кореянын Улуу Британиядагы элчисинин кеңешчиси болгон. 2016-жылдын август айында коңшу өлкөгө качып кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости