www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кыңыр иш кырк жылда билинет деп бекер айтылбаса керек да. Айрым учурда акыйкаттыкты  көөмп  койгон менен ал акыры эң болбоду дегенде чөп да болуп өнүп чыгып, анан карасанатайлыктын көзүнө тикен болуп кирээри тууралуу уламыш жок жерден жаралбагандыр. Балким, төмөндө биз сөз кылаар окуя да бул уламыш сыяктуу акыры чындыктын толкуну уруп, жээкке сүрулүп чыга келгендей таасир берет.

Эсиңиздерде болсо мындан эки жыл мурун,тагыраагы 2016-жылдын 25-февралында Медакадемиянын аппарат жетекчиси Абдыкерим Гапаровдун өлүмү менен коштолгон  окуя катталган. Ал маалыматка кайрыла турган болсок, Досмамбетов Каныбек башында турган коррупцияга  каршы күрөшүү кызматынын (АКСтин) 4-5 кызматкери Абдыкерим Гапаровду иш бөлмөсүндө пара менен кармоо опперациясын уюштурган. Жыйынтыгында өзүнүн иш бөлмөсүнөн коррупцияга шектелген Гапаров каза болгон эле. 

Бул иш болуп, өттү, кетти дейли. Эми кызыгы башка жакта.Мыйзам жолуна келе турган болсок, кимдир бирөөнү  коррупция беренеси менен кармоо үчүн, кимдир бирөө арыз жазышы керек да. Ошол Абдыкерим Гапаровду үстүнөн арыз жазылды деп айтылган Епифанов Вячеслав Игоревич деген жаран так ошол окуя катталган күнү Кыргызстанда болгон эмес. Башкача айтканда  ал окуяга чейин эле канча бир күн мурун Кыргызстандан чыгып кеткенин чек ара кызматындагы маалыматтар тастыктап олтурушат.

Эми кызыктар башталчудай  окшойт. Ошондо бул окуяны Каныбек Досмамбетов өзү жомок катары токуп чыгып уюштурганбы? Эгер пара берип жаткан адам ошол убакта өлкөдө жок болуп атса анда Досмамбетовдун тобу Гапаровду кантип “пара алып жаткан жеринен” кармашкан? Суроолор ого эле көп. Бул боюнча кеңири маалымат алуу үчүн Досмамбетовду издеп таба албадык,балким өзү гезиттен окуп калса үн катып коер. Этикага ылайык анын да “чындыгын”чагылдыруу биздин милдет.

Булак: "Де факто"

Последние новости