www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Гарри менен Мегандын кошуналары даттана баштады

Англиянын королдук үй-бүлөсүндөгү жогорку кызматтардан баш тартып, Лоч-Анджелес шаарына жайгашкан ханзаада Гарри менен Меган Маркл тууралуу кошуналары арыздана башташты.

Расмий түрдө 2020-жылдын 31-мартынан тарта бөлүнгөн жубайлар алгач Канадага, андан Мегандын мекени АКШга көчүп, Лос-Анджелес шаарында жашай башташкан. Жаш жубайлар барган өлкө, алар жашаган аймак көпчүлүктүн көңүл чордонунда.

TMZ басылмасы берген маалыматта Гарри менен Меган 15 млн долларга сатып алган турак-жай жайгашкан Санта-Барбара, Монтеситодогу коңшулары аймактын папарацциге толушунан улам ыңгайсыз болуп жаткандары айтылган. Аталган жубайларды көрүү үчүн көптөгөн чет элдиктер алар жашаган аймакка агылып, фотографтар дагы тынбай вертолет менен каттоодо.

Аймактагылар үчүн бул абал Гарри менен Мегандын эле эмес бардык жашоочулардын жеке жашоосуна терс таасирин тийгизип, арызданууга себеп болду.

Белгилей кетсек, жубайлар АКШдагы үйүнүн бакчасындагы папараццичилердин жашыруун сүрөткө тартуусу боюнча мыйзамдуу чаралар көрүлөөрүн билдиришкен эле

Булак: NazarNews.kg

Последние новости