www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шашылыш билдирүү! Бишкекте катуу шамал болот

Жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болору күтүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө ылайык, аталган аймактарда күн күркүрөп, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Күтүлүп жаткан аба ырайына байланыштуу министрлик жарандарды сак болууга чакырат. Ошондой эле айдоочуларга унааларын бак-дарактын жанына, курулуш иштери жүрүп жаткан имараттардын алдына токтотпоону эскертет.

Булак:  NazarNews.kg

Последние новости