www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Netflix сервиси ханзаада Гарри жана анын жубайы Меган Марклга таандык коомдук уюм тарабынан жазылган даректүү тасманын тартуу иштерин баштайт. Бул тууралуу сервистин маалымат кызматына таянып чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, "Жеңилбес жүрөк" даректүү тасмасы 2022-жылы Гаага шаарында өтө турган "Жеңилбестердин оюну" спорттук мелдешинин катышуучулары тууралуу болот. Көрөрмандар тасмадан спортчулардын жана мелдештин уюштуруучуларынын иш-чарага кантип даярданганын көрө алышат.

Тасманы тартуу иштери менен Netflix видео кызматы, Герцог Сассекский жана "Archewell" коомдук уюмунун чыгармачыл бөлүмү алектенет. Тасманы жаратуучулардын арасында "Оскар" сыйлыгынын лауреаты болгон "Ак каска" (The White Helmets) даректүү тасмасы авторлору режиссёр Орландо фон Айзиндель жана продюсер Жоанна Натасегара да бар.

Ханзаада Гарри демилгелеген "Жеңилбестердин оюну" кайрымдуулук долбоору - ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү жектелүү болуп калган аскер кызматкерлерине арналган көп тармактуу спорттук иш-чара.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости