www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын февраль айынын аягында Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратынан жөнөтүлгөн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинен материал келген.  Анда Баткен облусунун тургуну Х.Т. (аял киши) 2015-жылдан бери байланышпай, дайынсыз жоголгон 1971-жылы туулган Х.Р. аттуу уулун издөөгө көмөк көрсөтүү тууралуу кайрылган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө жогоруда көрсөтүлгөн жаран 2013-жылы Москвага эмгектенип келүү үчүн кетип, 2015-жылы акыркы жолу жакындары менен байланышкан. Ал Москва шаарынын Коньково районунда убактылуу жашап турган.

Бул жаран жоголгондон күндөн баштап жакын туугандарынын аны өз алдынча издөөсү натыйжа берген эмес.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнө кайрылган соң, Россия Федерациясынын аймагында издөөнү уюштуруу тууралуу чечим кабыл алынып, дайынсыз жоголгон жаран Х.Р. кайда жүргөндүгүн аныктоо боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин РФдеги Өкүлчүлүгүнүн жардамы менен Москва шаарынын аймактык бөлүктөрү тарабынан комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, анын жүрүшүндө дайынсыз жоголгон Х.Р. 2008-жылы Россия Федерациясынын жарандыгын алгандыгы аныкталган.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында дайынсыз жоголду деп эсептелген Россия Федерациясынын жараны Х.Р. 2015-жылы 8-мартта Москва шаарында жайгашкан В.В. Виноградов атындагы шаардык клиникалык ооруканасына тез жардам кызматы аркылуу түшүп, ошол эле жылдын 19-марттында эки тараптуу пневмония менен ооруп, 2-реанимациялык бөлүмдө каза болгондугу аныкталган.

Ал эми, каза болгон адамдын жакын туугандары өлгөндүгү тууралуу медициналык күбөлөндүрмө үчүн кайрылбагандыктан, 2015-жылдын 6-апрель күнү Москва шаарынын Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо башкармалыгынын Гагарин районундагы бөлүмү маркум Х.Р. өлгөндүгү тууралуу күбөлөндүрмө даярдалып, 11-апрель күнү мамлекеттин эсебинен көмүү үчүн өткөрүлүп берилген.

Азыркы учурда бул окуя боюнча туугандары кабарланды.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости