www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдин максаттарынын көпчүлүгү ишке ашпай калганын айтып, ал үчүн күрөш уланат, деп билдирди. Бул тууралуу саясатчы партиялаштары менен Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл коюп жатып айтты.

«Партиялаштарымдын алдында, курман болгон баатырларды эскерип, таазим кылып отуруп, максаттар үчүн күрөш улана берерин жарыялайм. «Ата-Мекен» партиясы биз өзүбүздү азыркы бийликтин идеологиялык-моралдык, саясий альтернативасыбыз деп эсептейбиз», - деди Текебаев.

Ошондой эле, Текебаев 7-апрелде элдик бийлик орнотуу максаты болгонун кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости