www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстанда көмүскөдөгү бизнес 60-65 пайызга жетет”, - деди NazarNews маалымат агенттигине Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев.

--“Экономисттердин эсептөөсү боюнча бүгүнкү күнү Кыргызстанда жүрүп жаткан бизнестин дээрлик 60 пайызы көмүскөдө иш алып барат. Бирок аны ачыкка чыгаруу өтө оор. Себеби дал ошол көмүскөнүн артында карапайым эл эмес, чиновниктер турат. Мындан улам карга-карганын көзүн чукубайт саясат жүрүшү мүмкүн. Азыр көмүскө экономиканы ачыкка чыгарып, ошонун эсебинен салыктык түшүүлөрдү көбөйтөбүз дегени жакшы. Эгер чын эле ушул демилгени ишке ашыра алышса. Бирок мен буга ишене албайм. Аткени өкмөт расмий документте эле Кыргызстанда бизнестин 37-40 пайызы көмүскөдө деп көрсөтүп жатат. Бирок реалдуу ал 40 пайыз эмес, 60-65 пайызга жетет”, - дейт экономика илимдеринин доктору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости