www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-апрелде ар кайсы жерде корголоп, жашынып, убактылуу камакта жатышкандар капыстан бийликке жетишет. Мындай күтүлбөгөн бийликке таң калышкан алардын бир Туунун, бир адамдын алдында биригүүгө да мүмкүнчүлүгү жок экен. Ошондуктан, боло турган лидерликти бири–биринен кызганышып Убактылуу Өкмөт түзүшөт, убактылуу бийликти Бириккен элдик кыймылдын төрайымы Роза Отунбаевага беришет:
1. Роза Отунбаева - Убактылуу Өкмөттүн төрайымы, 2016-жылы 31-августта жөн жерден президент Атамбаевден кагуу жеп, басып кеткен.
2. Алмазбек Атамбаев - Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары, 2011-2017-Кыргыз Республикасынын Президенти.
3. Өмүрбек Текебаев -Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2016-жылы «Белиз» деген жалган маалыматтан улам, жети жылга камалган.
4. Азимбек Бекназаров - Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2011-жылдан Атамбаевге оппозицияда болгон. Учурда Малайзиядагы Кыргызстандын элчиси.
5. Темир Сариев - Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары, 2015-2016- премер-министр болуп, аны биртке өкмөт башына алып, көчүккө тээп кубалап чыккан.
6. Болот Шерниязов - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, ИИМ министри. Ыйманы саламатта болсун!
7. Эмилбек Каптагаев -Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, президентик аппарат жетекчиси, 2016-жылы Ысык-Көл губернаторунан Атамбаев көчүккө тээп кубалап чыккан..
8. Элмира Ибраимова- Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Эсеп палатасынын төрайыман кеткен.
9. Дүйшөн Чотонов -Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Текебаев менен бирге камалган.
10. Исмаил Исаков - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү.СДПК фракциясынан чыгып кеткен.
11. Кеңеш Дүйшөбаев - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү.УКМК төрагасынан Атамбаев көчүккө тээп кубалап чыккан.
12. Топчубек Тургуналиев - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, түбөлүк оппозицияда.
13. Абдыганы Эркебаев -Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү. Илимдер Академиясынан Атамбаев көчүккө тээп кубалап чыккан.
14. Иса Өмүркулов - Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү, Атамбаевдин убагында Бишкекке мэр болуп туруп Атамбаев аны көчүккө тээп кубалап чыккан. Камалууга талапкер болгон. 2016-жылдан парламенттеги КСДП фракциясынын жетекчиси.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg