www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газ арзандады!

Республиканын калкы үчүн жаратылыш газынын 2018-жылдын январь айына болгон тарифи – 1 м3 үчүн 14,42 сомду, ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн бардык салыктары менен 1 м3 үчүн 17,67 сомду, сатуудан алынган салыкты1 эске албаганда 1 м3 үчүн 17,52 сомду түздү. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2018-жылдын 1-январына карата расмий доллардын курсу 68,83 сомду түздү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын №68, 69 “Калк үчүн жаратылыш газынын тарифтери жөнүндө”, “Өндүрүш ишканалары, коммерциялык түзүмдөр жана бюджеттик уюмдар үчүн жаратылыш газынын тарифтери жөнүндө” буйруктарына ылайык, “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсы ар бир айдын биринчи числосуна карата КРнын Улуттук банкы тарабынан бекитилген расмий сом/доллар курсуна жараша тарифтерди кайрадан эсептеп чыгууга милдеттүү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости