www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Израилдик аскерлер ХАМАС жана "Ислам жихады" тобу менен кыл чайнашкан кармашты жүргүзүүдө. Израилдин армиясы жалпысынан абадан 250дөй сокку урду. Бутага башкы мечиттин тегереги жана жер астындагы тоннелдер алынды. «Назарньюс» маалыматтык порталынын билдиргенине караганда, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху жөөт армиясы ХАМАСты биротоло жок кылмайынча "адилеттүү согуш" улана берерин айтып, ок атышууну токтотууга чакырган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин резолюциясына вето койгону үчүн АКШга ыраазычылыгын билдирди.
"Мен АКШнын БУУнун Коопсуздук Кеңешинде алган туура позициясын абдан баалайм", - деди ал видео кайрылуусунда. - "Израил ХАМАСты жок кылуу үчүн адилеттүү согушту улантат". Ар кандай булактардан алынган маалыматтарга ылайык согушка чейин Газада 1,8 - 2,2 миллиондой адам жашаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg