www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияга тыюу салынган товарлар негизинен Кытай, Гонконг, Бириккен Араб Эмираттары жана Түркия аркылуу реэкспорт болуп жатат. Ошондой эле Казакстан, Кыргызстан, Армения жана Өзбекстан дагы маанилүү роль ойнойт.

Борбор Азия өлкөлөрү Еврошаркет киргизген санкцияларды айланып өтүү үчүн аянтча катары колдонулушу мүмкүн. Еврошаркеттен Борбор Азияга, анын ичинде Өзбекстанга, Казакстанга жана Кыргызстанга экспорт акыркы мезгилде кыйла өстү. Ошол эле учурда чөлкөмдөн Орусияга продукцияларды жеткирүүнүн көлөмү кескин өстү. Брюссел бул Кремлге санкцияларды айланып өтүүгө жардам берет деп кооптонууда.

Буга чейин "Верстка" басылмасы акыркы жарым жыл ичинде эле Орусия санкцияларды буйтап өтүп, жалпы суммасы жарым миллиард долларды түзгөн Батыш компанияларынын чиптерин импорттогонун жазган. Бул чиптер курал-жабдык чыгарууда да колдонулушу мүмкүн. Андан тышкары коргонуу өндүрүшү үчүн миллиондогон долларга жабдыктар жана жарандык авиация үчүн тетиктер киргизилген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости