www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Дордой" ассоциациясына кирген базарларда жер тилкелеринин ижара акысы 50-60 пайызга чейин арзандады. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, бул тууралуу соода борбордун негиздөөчүсү Аскар Салымбеков. Ал"Дордой" Министрлер кабинетинин салык реформасын колдой турганын айтты.

 Дагы бир депутат, "Кудайберген" базарынын ээси бизнеске эркиндик керектигин билдирген Элвира Сурабалдиева качан арзандатат? Жаңы эрежелерге ылайык, базардын дүң соода катарларында ижара акысы эки эсе төмөндөйт, ал эми чекене соода катарларында ижара акысы 30 пайызга азаят.

Ошону менен катар "Дордой" базарын реконструкциялоо, түзүмдү жана байланышты жакшыртуу боюнча иштер башталат. Кошумча тамактануучу жайлар, дааратканалар курулуп, автобустардын жаңы каттамдары уюштурулат.

"Дордой" менен катар акыркы күндөрдө өлкөдөгү бир катар базарлар дагы аренда акыларын арзандатууда. "Аламүдүн" базары 30-50 пайызга, "ЗимаЛетто" компаниясы өз базарында 25 пайызга, "Оберон" базары соода орундарын 20 пайызга арзандатканын жарыялашты.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости