www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооругандардын саны көбөйүп баратат. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда, соңку кезде башкалаада балдар арасында жугуштуу оору, сасык тумоо, пневмония күчөп, ооруканаларда кезек күтүү көп болуп жатканына жана орун жоктугуна нааразылык айтылып жатат.

  Кезекте турган ата-энелердин арызы көбөйүшүнөн улам Батырованын ордуна саламаттык сактоо министри болуп келген Алымкадыр Бейшеналиев Бишкектеги №3 тез жардам клиникалык балдар ооруканасына барды. Анда оорукананын башкы дарыгери Акылбек Мамановдун маалыматы боюнча, стационарга күн сайын 900гө жакын бала кайрылса, алардын 80% жолдомосуз келишет.

Буга чейин аталган бейтапканада 30 керебет кошумча коюлган. №3 балдардын хирургиялык тез жардам ооруканасы совет доорунда курулган.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости