www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Баткен-Комфорт” базарынын иш жүзүндөгү ээси Жогорку Кеңештин 4-чакырылышынын депутаты, мурдагы биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиев. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда,  Шадиевди Бишкектин Биринчи май райондук соту “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “Мыйзамсыз баюу”беренелери менен күнөөлүү деп таап, 2020-жылдын 10-июнунда сыртынан 13 жылга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Ал 2018-жылы Баткен аркылуу Тажикстанга, андан ары АКШга чыгып кеткени кабарланган.

УКМК Бишкек шаарындагы “Баткен-Комфорт” курулуш материалдары базарында соода жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзбөстөн ижарачылардан мыйзамсыз акча чогултуу, соода жайларын ижарага берүү баасын негизсиз жогорулатуу жана өзгөчө ири өлчөмдө салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталганын маалымдады. Бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголгон. Базарга ээлик кылган “Реконс” жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору (Т.Б.Б.), башкы директорунун орун басары (Ш.М.А.) жана кассир-бухгалтери (С.О.Н.) кармалды.

Атайын кызмат аларга “ар бир ижарачыдан күзөт кызматына деп алдап, ай сайын 500 сомдон 2000 сомго чейин мыйзамсыз акча чогулкан” деген айып таккан. Чогулган каражат жылына 3 миллион сомдон ашык сомду түзүп келген. Мындан тышкары 2023-жылдын август айында базар жетекчилиги ижара баасын 33%га жогорулаткан.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости