www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газада ок атышпоо үмүтү

Газа тилкесиндеги ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу келишиминин «дээрлик даяр экендиги жана  17-январь жума күнү же ага чейин кол коюлушу мүмкүн экендиги» жарыяланды. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Катардын борбор шаары Дохада Израиль менен Хамастын ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүү процессинин сезимталдыгына байланыштуу  атын билдирүүнү каалабаган палестиналык булактар абалдар тууралуу маалымат беришти.

Палестиналык булактар ок атышпоо жана туткундарды алмаштыруу келишиминин дээрлик даяр экендигин билдирди.

Келишимдин  3 этап менен ишке ашырылаары жана биринчи этаптын 40 күндөн 42 күнгө чейин созулаары белгиленди.

"Бул этапта Израиль Нетзарим жана Филадельфия коридорлорунда болууну улантат. Бир жумадан кийин Хамастан израилдик туткундардын тизмелери алынат, андан кийин  Израиль Газанын түндүгүнө кайтып келүүгө уруксат берет", — деп билдиришти булактар.

Израилдин кайтуу тартиби боюнча Газанын түндүгүнө өтүүгө уруксат берүү үчүн Нетзарим коридорунун бир бөлүгүнөн чыгып кетери да белгиленди.

Маалымат булактары жөө кайткандардын текшерилбей тургандыгын бирок унаалар менен кайткандардын курал аткезчилигине же куралдуу адамдардын түндүккө өтүшүнө бөгөт коюу үчүн эл аралык уюм алып келген жабдыктар менен текшериле турганын билдиришти.

Буфердик аймактын кеңдигине байланыштуу пикир келишпестиктердин болгондугун билдирген булактар ​​Израилдин аймактын 1500 метр болушун каалаганын, бирок 1000 метр үчүн келишим түзүлгөндүгүн айтышты.

Катар, Египет жана АКШнын ортомчулугу менен Хамас жана Израилдин ортосунда дүргүзүлгөн кыйыр сүйлөшүүлөр туткундарды алмаштыруу жана кол салуулардын токтотулушу тууралуу  бир келишимдин калыптандырылышы үчүн интенсивдүү түрдө уланууда.

Последние новости