www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Израилдин Газа тилкесинде өлкө тышына чыгып дарыланууга тыюу салуусу менен палестиналык бир бала каза болду. Газадагы саламаттык сактоо министрлигинин катчысы Ешреф ел  -  Кудра тарабынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта : «Эки жаштан кичине болгон Юсуф ел  -  Ага өлкө тышына чыгып дарыланууга тыюу салуунун айынан Газадагы Ер – Рантиси ооруканасында каза болду».- деди.

Газадагы саламаттык сактоо министринин орун басары Юсуф Ебу Риш кечээ өткөргөн пресс – жыйынында Газа тышында дарыланууга тыюу салуу менен акыркы айларда он бир кишинин каза болгондугун алардын ичинен үчөөсүнүн бала экендигин билдирип, аймактагы саламаттык сактоо абалынын «абдан коркунучтуу» экендигин айткан.

Рамаллахтагы Палестина башкаруусунун да оорулуулардын Газа тышына чыгышына бөгөт  коюлгандыгын белгилеген Ебу Риш мунун Израилдин Газага жасаган  блокада менен толуктоочу ролду аткаргандыгын белгилеген.

Газадагы миңдеген оорулуу Иерусалим, Израиль жана Батыш Шериадагы ооруканаларда дарылануу үчүн Израилдин текшерүүсү астындагы Бейт Ханун чек ара капкасына барууга мажбур болууда. Оорулуулардын чек ара капкасына баргандан мурда Газадагы Палестина саламаттык сактоо министрлигине караштуу Газа тышындагы ооруканада дарылануу боюнча иштеген бөлүмдөн жолдомо алышы керек. Бул жолдомо Рамаллахтагы Палестина саламаттык сактоо министрлигине жиберилет.

Бир тараптан Израиль армиясы Батыш Шериада аскерлери менен кагылышууга киргендигин айткан бир палестиналыктын каза болгондугун билдирди. Армиянын катчысы тарабынан берилген маалыматта Ел – Халилде курал издеген Израиль аскерлери менен бир палестиналыктын ортосунда кагылышуу чыккандыгы ортого салынды. Аскерлердин палестиналыкка ок аткандыгы белгиленген маалыматта палестиналыктын каза болгондугу, жанындагы куралдын болсо алынгандыгы билдирилди.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости