www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Газа тилкесиндеги жалгыз электр станциясы күйүүчү майдын запасы түгөнгөнүнө байланыштуу 10-12 сааттан кийин иштебей калышы мүмкүн. Бул тууралуу Al Hadath телеканалы Палестина анклавынын электр башкармалыгына шилтеме берүү менен билдирет.

Анын айтымында, анын "300 миң литр күйүүчү майы калды, бул болгону 10-12 саатка жетет".

Өз кезегинде Палестинанын саламаттыкты сактоо министри Мэй Кайле “Газа тилкесиндеги медициналык мекемелерде күйүүчү майдын запасы 12-октябрда түгөнүп, электр жарыгы өчүрүлгөндөн кийин катастрофалык абал күчөйт” деп эскертти.

Палестинанын анклавына электр энергиясы жана отун берүү 8-октябрда үзгүлтүккө учураган. Дүйшөмбү күнү Израил Газа тилкесин толук блокадага алганын жарыялап, анклавга суу берүү токтотулган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости