www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Рафах" көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу Газа тилкесинен Египетке 92 казак жараны жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү өттү. Бул тууралуу Казакстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.

Эвакуацияланган жарандар Египеттин баш калаасы Каир шаарына жеткирилгенден кийин казак өкмөтү атайын эвакуациялык учак жөнөтөт деп күтүлүүдө.

"Газадан Казакстандын жарандарын эвакуациялоо иши этап-этабы менен жүрүүдө. Казак дипломаттары анклавдагы калган казакстандыктарды да чыгарып кетүү боюнча Израилдин, Египеттин жана Палестинанын тиешелүү органдары, ошондой эле башка эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү улантышат", – деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

13-ноябрда Казакстан ТИМи согуштук аракеттер жүрүп жаткан Газа тилкесинен "Рафах" бекети аркылуу Египетке 44 казак жаранынан турган алгачкы топту эвакуациялоо пландалып жатканын билдирген. 

Ага чейин мекеме Газада Казакстандын 76 жараны бар экенин, алардын үй-бүлө мүчөлөрүн кошкондо 161ге жетерин билдирген.

ХАМАС куралдуу тобунун жоочулары 7-октябрда Израилдин шаар-кыштактарына Газа тараптан чабуул койгондо 1 200дөй киши өлүп, 200дөн ашык киши барымтага алынган. Израил жооп катары ХАМАСка согуш жарыялап, палестин анклавын бомбалай баштаган.

ХАМАС башкарган Газанын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, 7-октябрдан бери тилкеде 11 миңден ашуун адам каза болду. Алардын 4 500дөйү балдар. Учурда тилкеде гуманитардык абал курч бойдон калууда.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости