www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвалык кыргыз массалык тартипсиздикке жана бийликти алууга үндөгөн, УКМК тарабынан бул адам колго түштү. «Назарньюс» маалыматтык  порталынын билдиргенине караганда УКМК тарабынан эл аралык  издөө жүргүзүлгөн 1986-жылы туулган К.Н.К аттуу жаранга Кылмыш кодексинин 327 беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. «Ал Кыргызстандан тышкары туруп,  дайыма массалык тартипсиздикке жана бийликти алууга үндөгөн провокациялык материалдарды чыгарып турган». - деп белгилейт УКМКда. Аны Орусияда колго түшүрүп, 20-ноябрга чейин соттун чечими менен Жалал –Абад облустук СИЗОго камалды. Тергөө жүрүп жатат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости