www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ИИМдин маалыматына караганда, ушул жылдын октябрь айынын аягында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгына Бишкек шаарынын аймагында ижарага алынган батирде чет өлкөлүк жаран жашап жатканы жана белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралды сактап жүргөнү тууралуу маалымат келип түшкөн. 

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын үчүнчү башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек шаарынын Биринчи май районунун аймагынан Грузиянын жараны 1990-жылы туулган М.В. кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда үч огу менен номурлары өчүрүлгөн ок атуучу куралы (ТТ тапанчасы) табылып алынган.  Андан сырткары 19 грамм болгон баңгизат табылган. 

Бул факты Биринчи май РИИБдин маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталып,  Кылмыш-жаза кодексинин  267-беренесинин 2-бөлүмү (Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз сактоо) менен кылмыш иши козголгон. 

Кармалган жаран Грузиядагы «Каралейка» лакап аттуу мыйзамдагы уурунун жакын адамдарынын бири жана бул мамлекеттин шаарларынын биринде “Смотрящий” криминалдык макамына ээ экендиги аныкталды. 

Кармалган жаран Бишкек шаарындагы тергөө абагына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости