www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Түндүк агым-2" газ куурунун курулушу аяктаганы тууралуу "Газпромдун" башчысы Алексей Миллер 10-сентябрда билдирди. Ишкананын басма сөз кызматы маалымдагандай, түтүктөрдү орнотуп жайгаштыруу иши 6-сентябрда бүткөн. Газ 1-октябрдан тарта кое берилиши күтүлүүдө.

Долбоорго ылайык Балтика деңизинин түбү аркылуу Орусиядан Германияга газ жеткирүүчү түтүктөрдү жайгаштыруу 2019-жылы аягына чыгышы керек эле. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын санкциясынан улам иш токтоп калган. Азыркы президент Жо Байден курулушту улантуу Вашингтон менен Берлиндин мамилесине доо кетирбей турганын билдиргенден кийин, иш кайра жанданган.

Орусиялык "Газпром" ишканасы курган "Түндүк агым-2" газ кууру жылына 55 млрд. куб метр газды Орусиядан Германияга жеткире алат. Газ түтүгү Балтика деңизинин түбү аркылуу, Украинаны кыйгап өтөт.

Долбоор Европанын экономикалык коопсуздугуна коркунуч келтирет жана Киевге басым кылууга жол ачат деген сынга кабылган. Москва мындай сындарды четке кагып келет.

Учурда Европага газ Украинанын аймагы аркылуу өтөт. Евробиримдиктин айрым мүчөлөрү жана Киев Москванын басымы күчөйт жана Евробиримдик өлкөлөрүн газга көз каранды кылат деп эсептейт.

Долбоордун аякташы Европада газдын биржадагы баасы кымбаттаган учурга туура келди. Жыл башынан бери баалар дээрлик төрт эсе көтөрүлдү. Август айынын аягында тарыхта алгачкы жолу миң куб метр газдын баасы 600 долларга жетти.

9-сентябрда баа 700 доллардан ашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости