www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведев учурда ЖККУ мамлекеттеринин коопсуздугу биринчи орунда турганын айтты.

Афганистандагы окуялардан улам Россия менен Борбордук Азия өлкөлөрүндө миграциялык кризис жаралуу коркунучу бар. Бул тууралуу РФтин Коопсуздук кеңешинин төрага орун басары Дмитрий Медведевге шилтеме берип РИА Новости агенттиги жазды.

"Ушул убакка чейин афганистандык качкындар Европага миграциялык ири кризисти жараткан топ бойдон калууда. Эми бул нерсе Россия менен Борбор Азия өлкөлөрүнө келиши мүмкүн. Биздин негизги милдет — бир гана өз коопсуздугубузду эмес, ЖККУга кирген мамлекеттердин баарынын коопсуздугун камсыздоо. Антпесе афган окуясынын кесепети бизге жакын өлкөлөргө тийиши ыктымал", — деди Медведев.

Анын айтымында, терроризм коркунучу биринчи кезекте каралууда.

Августтун башында "Талибан"* кыймылы активдешип, Афганистандын өкмөттүк күчтөрүнө чабуул коё баштаган. 2021-жылдын 15-августунда борбор шаары Кабулга кирип, президенттик сарай алардын көзөмөлүндө калган. Ал эми 16-августта Афганистандагы согуш аягына чыкты деп жар салып, жакын арада өлкөнүн башкаруу формасы аныкталарын айтышкан. 31-августка караган түнү АКШ аскерлери буга чейин көзөмөлүндө турган Кабул аэропортун таштап чыгып кетишти. Талибдер Афганистанга 20 жылга созулган согуш аяктады деп жар салды.

Сентябрдын алтысында талибдер буга чейин баш ийбей келген Панжшер аймагын алдык деп билдирген. Бирок аталган аймактын лидери Шах Масуд провинциянын баары багынып бербегендигин, согуш уланарын айткан. Акыркы учурда маалымат талаасында Панжшердеги талибдер менен каршылык көрсөтүүчү күчтөр боюнча эки жактуу кабарлар айтылууда.

* — Кыргызстан, Россия жана бир катар мамлекеттерде ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюм.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости