www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомчулук арасында гана эмес кыргыз өлкөсүнүн ичиндеги абдан талаш-тартыштуу маселе жер экендиги жашыруун эмес. Акыркы жыйырма жылдан бери карай ушул маанилүү ишке бийлик тарабынан жеткиликтүү иш-чаралар аракетке келтирилген жок. Анткени гектарлаган жерлерди жалаң байлар, олигархтар, шылуундар ээлеп алып кымбат баада сатып капчыктарын кампайтышты. Азыр ошол эле ак үйдө, парламентте отурган лөктөрдүн кабат-кабат үйлөрү салынып четинен долларга сатылган кези. Жердин амири менен байыгандарды четинен санасаң бутуңдун салаасы да жетпей калат.

Он жылдан бери соттошуп келатып, акырында Чүй соту тарабынан утушка ээ болгон карапайым элдин партиясы “Жаңы Мезгилдин” деле заманасы куурулуп турат. Себеби, эмдигиче берилчү жерден дайын жок. Тийиштүү тармактардын чиновниктери бири-бирине шылтагандан талыкпайт экен. Баары эле келе деп бирдемке үмүт этет десең.

Жакында депутат Дастан Жумабеков жерди трансформациялоо иши чечилет деген пикирин билдиргенде кембагалдарда кайрадан үмүт пайда болду. Күндөр болсо учкан куштай зымырап өтүп жатат. Жаз бүтүп жай келип калды. Жылуукерчиликте жер маселесин оң багытка чечип беришсе бийлик миңдеген карапайым адамдардын сообуна калмак. Деги ошол күндөр чын эле келер бекен?

Булак: "Жаңы ОРДО"

Последние новости