www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Исмаил Исакович, кечээ парламентте УКМКнын башчысы менен Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров кайым айтышты. Айрымдар экөөнүн парламент трибунасынан айтышканы тышкы саясатка жана Кыргызстандын кадырына доо кетирди деп жатат. Сиз бул окуя боюнча кандай пикирдесиз?
- Менин жеке пикиримде, Камчыбек Ташиев кечээ ачууга, эмоцияга алдырып, мамлекеттик кызмат адамынын этикасын сактабай, сабырдуулук кылбай, ич күйдүлүгүн көрсөтүп, Адахан Мадумаровдун дарегине көчөдөгү балдардай «колуңду сындырам…» деп, аткаруу бийлигинин аброюн өтө төмөн түшүрүп, өтө одоно ишке жол берди.
Кыргыздын үрп-адатын, каада-салтын айтпай эле коёюн, анын өзүнүн тили менен айтканда, Ташиевдин Мадумаровду коркутуп айтканы Кылмыш-жаза кодексинин 338-беренесинин үчүнчү бөлүгүнө (бийликтен аша чабуу) барып, түз эле такалып калды. Жогорку Кеңештин этика комитети муну милдеттүү түрдө карап, чечим чыгарып, баа бере турган жагдай пайда болду. Камчыбек Ташиев, кандай сөздөр айтылбасын, парламентте андай оройлукка жол бербей, сабырдуу болушу керек эле.
- Ошондо чекилик Камчыбек Ташиевден кеттиби?
- Мен бул жерден бир эле Ташиев күнөөлүү дегенден алысмын. Бул маселени түпкүрүнөн кароого элдин көңүлүн бурат элем. Себеп - парламенттеги кечээки одоно көрүнүш азыркы бийлик, кулагынан тартып өткөргөн тең салмактуулукту сактабаган, бийлик бутактары бир-бирин тизгиндебеген бир колго топтолгон бийлик системасынын көрсөткүчү жана анын жемиши болду.
Эгерде тең салмактуулукту сактаган система болгондо, Ташиев андайга барбай, артын карап, тартынат болчу. Жоопкерчилигин сезет болчу. Азыр аны сезбейт, кооптонбойт. Туура эмес түзүлгөн система Ташиевдин «мен, сындырам, камайм» дегендерине жол ачып берди. Эгерде ошол учурда ал кетирген катасын моюнга алып, өзүнөн улуу, партиянын лидери, фракциянын жетекчиси Адахан Кимсанбаевичтен адатынча мыйыгынан күлүп, тамашага салып, «иттик» кетти, кечирип коюңуз деп кечирим сурап койгондо, кырдаалды оңдоп кеткенге мүмкүнчүлүк түзулөт эле. Тилекке каршы, мамлекеттик кызматкер, баарына үлгү көрсөтүүчү атуул андайга бара алган жок.
Жыйынтыгында, биз дүйнөлүк коомго шерменде болдук. Биздеги башка мамлекеттин элчилери, чет өлкөлөрдүн ар кандай уюмдарынын кызматчылары мындай бийлик адамдары менен мындан кийин этият мамиле кыла баштаганга шарт түзүп беришти. Кыскасы, кечээки парламенттеги окуя ички жана тышкы саясатка доо кетирип койду. Эң коркунучтуусу - илгерки замандагыдай сындаган сөздөр үчүн дуэлге чык деп, автомат көтөрүп, бири-бирибизди атпасак эле болду.
Булак: NazarNews.kg