www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сокенин бийлигинин тушунда УКМК «Чоң казатты» түзүп, башына «экс-конторский» Максат Мамыткановду коюп, Сыймык Жапыкеев ж.б. кошулушат.

Алгач элдин көйгөйүн айтышып, олигархтарга каршы чыгышып, коомчулукту алаксытууга жандалбасташат. Бара-бара кырдаал тескери жагына бурулуп, пандемиядан эл кырылып, бийликтин кашаңдыгы, шалаакылыгы бетке чиркөө боло баштайт. Мындай шартта Сыймык Жапыкеев тизгинди коë берип, акырындык менен Сокенин короосуна таш ыргытып, популярдуулукка жетишет.

Көп өтпөй парламенттик шайлоонун адилетсиздигинен көпчүлүк көтөрүлүп, төңкөрүш ишке ашат. Биз муну менен эмнени айткыбыз келет? Андагы УКМК жетекчилери, орун басарлары «Чоң казат» кыймылын жасалма оппозиция катары түзүшүп, өздөрүнө иштетүүгө ашыгышып, бирок тилектери таш каап, кайра балээге калышып, туруксуздукка жол салышканы ачыктала берген. Мамлекеттүүлүк солкулдап барып токтоду. Сабак ала турган көрүнүш бекен?

Булак: Азия News гезити

Последние новости