www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милициядагы ишин тээ сержанттыктан баштап, генералдыкка чейин багындырып, ага удаа кызматтык тепкичтерди төмөнтөн жогору карай ырааты менен басып өткөн Кашкар Жунушалиевдин өтмүшүнөн кынтык табуу кыйынга турат. Тазалыгы, тажрыйбалуулугу жагынан кеп жок. Дал ушундай башкалар үчүн таңсык сапаттарга ээ оолгону үчун жараткан да ага ИИМдин тарыхында эки ирет министрликти ыроолосо керек.

Оомат-дөөлөттү көтөрө билген элдик генералга карата соңкуу убакта суу кечпеген жалаалар жабыштырылып, кол алдындагы айрым «котур ташын койнуна каткандар» тарабынан «оюндар» уюштурулуп жаткандыгы кандай? Өлкөдөгү эң чоң системаны «былк эттирбей» башкарып, милицияны «эки аяктуу» колу туткактардан арылтып, «тармакты тазалайын, аткана тибинен жаңы сапаттарга көтөрөйүн» - деген таттуу тилегине каршы чыксак, анда эмнебиз адам?

Көрө албастыктан өйдө туруп, көрпендечиликке алдырбай элдик генералдын ишине мындай шартта колдоо кылсак, куру дегенде өзүбүздүн коомдук коопсуздугубузга чоң салым кошулат эле да, туурабы?

Бүгүн ИИМ жетекчисинин ишине парламент, өлкө башчысы, а эң негизгиси - эл ыраазы болуп турган шартта көрө албастык кылган көөдөнү сокурлар ыплас пиардан алыс болушса дээр элек.

«Алтынды дат баспаган» сыңар, системадагы үлгүлүү, иш билги генералга канчалык баткак чачышпасын, анын бириси да жукпасын билишпейби?

Булак: Де-Факто

Последние новости