www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Генерал Кубатбек Байболов агабыз “Бишкекке мэр боло турган Чүйдөн эч ким жок бекен”-дей коюп коомчулуктун тепкисинде калып кеткен. Чүй Бишкектин мэрлерлерин салыштырганча элден алган акчаларын берип койсо болмок экен. Бизге жеткен маалыматтарга караганда Кубатбек Байболов Эгембердиев Майрамбек аттуу жаранды 103 200 долларга алдап, эми болсо ачык эле “билгениңди кылып ал”-деп тоготпой жүрөт. Мындан бир нече жыл мурун, Эгембердиев Майрамбек аттуу жаран бирге ОсОО «Оберон» менен биргеликте кыймылсыз мүлктөрдү куруу иштерин башташ керек эле. ОсООнун ээси Кубатбек Байболов күйөө баласы экөө Майрамбектен 103 200 АКШ долларын санап алган соң, эч кандай куруу иштери баштабай, улам ишти артка тартып убакытты созуп туруп алышкан. Арадан көп убакыт өтүп, иш башталбай, түрдүү шылтоолорду айтып сөзгө келбей башташканда гана Майрамбек Байболов күйөө баласы менен биргеликте алдаганын жакшы түшүнгөн.
Эгембердиев айласы кеткенде Байболов гарант болуп турса деп ишенип акча бергенин айтып ички иштер органдарга кайрылып бир топ убара тарткан. Бирок анын аракеттеринен эч майнап чыкпай койгон. Анын себеби белгилүү эле да, генерал Байболовдун акчасы, таанышы көп, мыйзамды каалагандай баарын бура алат. Ошондуктан эч бир Кудайдан коркпой туруп ишкердин акчасын ойлонбой жок кылып салышкан. Мурун Эгембердиев акчасын мыйзамдуу жолу менен кайтарып алуунун аргасын издеп 1-май райондук ички иштер бөлүмүнө арыз менен кайрылганда, Сагынбек уулу Нурсултан аттуу тергөөчү сотко чейинки териштирүү иштерин негизсиз токтотуп, себебин түшүндүрүп берген эмес. Бул жактан акыйкат таппасын түшүнгөн Эгембердиев дароо шаардык сотко арыз менен кайрылып көргөн. Ал жактан гана Сагынбек уулу Нурсултан деген тергөөчү Байболовду бир дагы күн суракка чакырбай туруп ишти жаап салганы аныкталган.
Кыскасы баягы эле көрүнүш, Байболовго окшогон кадыр барктуулар иш баштайм деп турган ишкердин акчасын алып, себебин түшүндүрбөй ишти жаптырып каалагандай басып туруп чет өлкөнү кыдырып жүрүшөт. Ишкер дейин десең Байболовдун кыйраткан бизнесмен экенине эч ким ишенбейт, өмүр боюу органда иштеген адам. Жашоосу байбача жашоо, шикарный үй, особняк, жүргөн жерлерин, кыдырган өлкөлөрү эми, укмуш ишкермин дегендер деле кылбаса керек. Көрсө ушундай кылып акча таап калган турбайбы.
Айрым имиштерге караганда азыр абакта жаткан Сариев менен биригип күзүндө чоң чыр чыгаруу пландарын иштеп чыгып жөн жатпаптыр. Бийлик эми орноп, стабилдүүлүк эми башталганда кайра өлкөнү чабуу планы менен иштебей, карыздарынан кутулуп алса боло.
Байболовго карата мегаком чыры боюнча дагы көп сөз айтылып, акча жеп кеткен деп жүрүшөт. Мамлекеттин акчасын жегенге көнгөн Байболовго бир ишкердин акчасы орусча айтканда ерунда да. УКМК бирдеме кылып ишкердин үнүн угуп, генералга каттуу чара көрүп койсо...
Булак: NazarNews.kg