www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 2026-жылдын 5-февралында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы Республикалык спорттук колледжинин базасындагы жаңы спорт комплексинин, ошондой эле, капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн жаңы жатакана, мечит жана тарбия корпусунун ачылыш аземине катышты.

Заманбап борбор — спорт, билим берүү жана ар тараптуу өнүгүү үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылып,комплексте: күрөш залы, көрүүчүлөр үчүн трибуналар, фудкорт (тамактануу зонасы), заманбап жатаканалар, конференц-зал,окуу-машыгуу, жыйындар үчүн кошумча  бөлмөлөр каралган.

Күрөш залы заманбап килемдер жана грек-рим, эркин күрөш үчүн керектүү жабдуулар менен жабдылган. Бул жерде спортчулар интенсивдүү машыгууларды, жыйындарды жана улуттук жана эл аралык мелдештерге даярдыкты өткөрө алышат. Комплекс ошондой эле машыгуу залдары, бир нече спорттук бөлмөлөр жана жалпы физикалык даярдык үчүн кардиозонаны  камтыйт. Мындан тышкары колледждин аймагында мечит да курулган.

Ал эми тарбия корпусунун жаңыланган имараты билим берүү жана тарбиялык программаларды өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүп, окуу менен спортту гармониялуу айкалыштырууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, жаңы медициналык блок жана санитардык бөлүм замандын талабына жооп берген биринчи жардам көрсөтүүчү жана профилактикалык текшерүүлөрдү жүргүзүүчү жабдуулар менен камсыздалган. Бул спортчулардын коопсуздугун жана ден-соолугун жогорку деңгээлде камсыз кылат.

Жаңы ачылган комплекс чемпиондорду гана эмес, ар тараптуу өнүккөн жаштарды даярдоочу борбор болот. Бул — спорт, интеллект жана ден-соолук биригип, жаңы бийиктиктерге жетүүгө жол ачкан жай экендигин УКМК төрагасы К.Ташиев белгилеп өттү.

Аны менен катар төрага комплексти ачуу — аймактагы спорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүү кадамы болуп, спортчуларды кесиптик даярдоого, жаштарды активдүү спортко тартууга жана маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзөөрүн кошумчалады.
 

Последние новости