www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 5-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда №13 шайлоо округу боюнча талапкерлер жана аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү үчүн окутуу өткөрдү.
КР БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева белгилегендей, окутуунун максаты – шайлоо процессине катышуучуларынын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу жана шайлоо өнөктүгү маалындагы мыйзам бузуу учурларын алдын алуу болуп саналат.
Окутууда төмөнкү маселелер талкууланды:
• кайра шайлоонун өзгөчөлүктөрү жана добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу;
• кайра шайлоого даярдык көрүүнүн алкагында укук коргоо органдары менен ыкчам өз ара аракеттенүү;
• шайлоо фонддорун түзүү жана пайдалануу эрежелери;
• үгүт иштерин жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү;
• шайлоо талаштарын кароо тартиби жана мыйзам бузгандыгы үчүн жоопкерчилик маселелери;
• даттанууларды жана арыздарды кароо.
Окутуу тажрыйба жана билим алмашуу, суроо-жооп форматында болуп, мурдагы шайлоо кампанияларынан мисалдар менен коштолду.
БШКнын мүчөсү Акбалык Жумалиева баштаган аппараттын тиешелүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери катышуучуларга мыйзам талаптарын так сактоо боюнча практикалык сунуштарды берип, алардын суроолоруна жооп беришти.
№13 көп мандатуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону уюштурууга жана өткөрүүгө аймактык шайлоо комиссиясынын 15 мүчөсү, 94 участкалык шайлоо комиссиясынын 965 мүчөсү катышат.