www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2025-жылдын 23-декабрында Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Таш-Мойнок айыл аймагындагы УКМКнын “Кызыл-Белес” эс алуу комплексинин ачылуу аземи болуп өттү.

Аталган иш-чарага КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары-УКМК төрагасы генерал-полковник К.Ташиев, КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Осмонов, УКМК ардагерлери жана өздүк курамы катышты.


“Кызыл-Белес” эс алуу борборунун жалпы аянты 19 гектар болуп, анда УКМК кызматкерлеринин эс алуусу үчүн керектүү заманбап шарттардын баары түзүлгөн.


Алсак, 15 заманбап эс алуу үйү курулуп, ар биринин аянты 60 кв.м, мындан тышкары асма жол (канатная дорога) 600 метрди түзөт. Кошумча көрктөндүрүү жана жарыктандыруу иштери да каралган.

УКМК төрагасы коопсуздук кызматкерлерин эс алуу комплексинин ачылыш аземи менен куттуктап, аталган жай алардын эс алуусуна ыңгайлуу экендигин, кызматкерлер жана ардагерлер кышкы-жайкы эс алуу күндөрүндө үй-бүлөсү менен таза абада чер жазып кетсе болорун баса белгиледи. Бул да болсо кызматкерлердин ишмердүүлүгүн жакшыртууга көрүлүп жаткан камкордук экендиги айтылды.

Мындан тышкары, генерал-полковник К.Ташиев коопсуздук кызматкерлеринин ишмердүүлүгү, 2026-жылга коюлган иш пландардын негизи багыты боюнча да бир катар маанилүү маселелерге токтолду.

Алсак, Төрага 2025-жылы УКМК кызматкерлери жакшы жыйынтык көрсөткөнүн, алдыда жаңы жылга карата мындан да катуу пландар коюлуусу керектигин айтты. Эң эле алгач 2026-жылдын 1-январынан тарта ак ниет ишкерлерди колдоо максатында, УКМК жана укук коргоо органдары тарабынан аларга болгон ар тараптуу текшерүүлөрдү токтотуу керектигин белгиледи. Тагыраагы, ишкерлерге экономикалык эркиндик берилип, алардын укуктарын коргоо башкы орунда болуусу керектиги айтылды. Ошол эле учурда УКМК төрагасы, мыйзамсыз иш жүргүзгөн бизнесмендер болсо, аларга карата катуу жаза күчүндө болорун кошумчалады.

Ал эми коопсуздук кызматкерлеринин негизги күчү жаңы жылдан тарта коррупциялык элементтерди жок кылууга багытталат. Тактап айтканда, 2026-жылы бардык мамлекеттик органдарда, анын ичинде өзгөчө финансы, энергетика, тоо-кен тармагында, калкты тейлөө борборлорунда жемкорлукка каршы текшерүү иштери кызуу жүрөөрүн, генерал-полковник өз сөзүндө белгиледи.

Аны менен катар өлкөдө мындан ары УКТ менен байланышы бар деп эч ким жоопко тартылбашы керектиги, анткени Кыргызтан Уюшкан кылмыштуу топтордон толугу менен арылгандыгы айтылды.
УКМК төрагасы коопсуздук жана башка укук коргоо органдарында иштеген кызматкерлерге кайрылып, аларды калыс болууга, иш процесси учурунда күнөөсү жок адамдардын тагдырына балта чаап, туура эмес чечим чыгаруудан сак болууга чакырды.

“Бир дагы жөнөкөй, мыйзамсыз иштерге аралашпаган жарандар жоопко тартылып калбашы керек! Силер аны дыкат карагыла. Жок жерден кылмыш токуп, башкалардын тагдырын талкалабагыла. Бул кылмыштуулук! Эгерде биз 100 адамды мыйзамдуу жоопко тартып, бир адамды мыйзамсыз жоопко тартып койгон болсок, анда биздин бардык иштин жыйынтыгы жокко чыгарылат! Күнөөсүз адамды жоопко тартып жыйынтык көрсөткөндөн көрө, эч нерсе кылбай койгонуңар артык” - деп белгиледи К.Ташиев.
Иш-чаранын соңунда генерал-полковник К.Ташиев “Кызыл-Белес” эс алуу жайынын кызыл тасмасын кесип, комплекстин ичинде түзүлгөн шарттар менен таанышып чыкты.
